Бактыбек Калмаматов: "Акыйкатчылык кызмат - бул чоң ата-чоң энелер үчүн орун эмес"

"Акыйкатчылык кызмат - бул чоң ата, чоң энелер үчүн орун эмес",- деп билдирди "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Бактыбек Калмаматов. Анын айтымында, бул кызматка жаштар жана билимдүүлөр ат салышуусу керек. "Чоң ата, чоң энелер неберелерин жетелеп, Дзержинский бульварында сейилдесин" деген Калмаматов талапкерлерди суракка алууну жана добуш берүүнү токтотууну сунуштады. Бирок айрым кесиптештери бул сунуш талапкерлердин укугун буза турганын айтышты. Белгилей кетсек, учурда "Ата Мекен"  фракциясы КРнын Акыйкатчы кызматына ат салышчулардын талапкерлигин карап жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан