Жалал-Абад. Айыл чарбасында үзүрлүү эмгектенгендер сыйланышты

7-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында облустун бардык район-шаарларынан келген дыйкандар азык-түлүк, мөмө-жемиш жарманкесин өткөрүшүүдө. Жарманкеге айыл өкмөт башчылары, район- шаарлардын аким, мэрлери жана КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Торомаматов катышып кайтты. Андан соң өкүлчүлүктүн жыйындар залында жогорудагы аталган жетекчилер, айыл чарба тармагында кызмат кылган жана учурда иштеп жаткан адисттер жыйын өткөрүштү. Ага “Эмгек сиңирген кызматкер” наамын алган аксакалдар да катышышты. Жыйында Ж.Торомаматов айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен кызуу куттуктап, айыл чарба кызматында иштеп жигердүү салым кошкон кызматкерлер КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан