Бул тууралуу Баткен шаарынын вице-мэри Гүлсүн Рыскулова билдирди. Анын айтымында, Баткен шаарынын мэри Сейдахмат Эрматовдун буйругу менен быйылкы 2012-жыл Мектеп жылы болсо, эмки 2013-жыл Балдар бакчаларынын жылы деп жарыяланмакчы. Кошумчалай кетсек, жакында Баткен шаарындагы Келечек кварталына "АРИСтин" долбоорунун алкагында жана мэрдин колдоосу менен 50 орундуу жаңы балдар бакчасынын ачылуусу пландаштырылууда.