КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Протездик-ортопедиялык буюмдардын республикалык башкармалыгы тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бизге аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымат берди. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында жалпысынан 5858,5 жуп протездик-ортопедиялык бут кийим жана 5458 даана протездик-ортопедиялык буюмдар жасалып бүттү. Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелгендер отуруучу 716 даана коляска чогултулуп, 993 даана протездик-ортопедиялык буюмдар оңдоп-түзөтүлдү. Жогоруда аталган буюмдар менен 11316 кыргызстандык камсыз болгонун кошумчалап кетебиз. Алардын ичинен 9120сы мүмкүнчүлүгү чектелгендер.