"Ата Мекен" фракциясы бүгүн КРнын Акыйкатчысынын кызматына 9 талапкерди бекитти. Ушул маалда төмөнкү талапкерлер арыздарын беришкен:
1. Турсунбек Акун - учурдагы КРнын Акыйкатчысы, "Замандаш" партиясынын атынан талапкер;
2. Нурдин Сулайманов - Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча инспектору;
3. Бакыт Рысбеков - "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" Директорлор кеңешинин төрагасы;
4. Марат Кайыпов - Мурунку Адилет министри;
5. Азиза Абдырасулова - "Кылым шамы" коомдук фондунун директору;
6. Чолпон Койчуманова - Улуттук илимдер академиясынын кызматкери;
7. Иса Токоев - Чолпонбай Базарбаев атындагы фонддун төрагасы, Кыргызстан элинин Ассамблеясынан талапкер;
8. Токтокан Боромбаева - Акыйкатчынын орун басары;
9. Дмитрий Кабак - "Ачык ой" фондунун жетекчиси.
Жогоруда аталган талапкерлер кезектеги пленардык жыйында тааныштырылмакчы.