Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, учурда бул жайды уюштурган адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Макаров тапанчасы, Калашников автоматынын 5,45 жана 7,62 калибрдеги бир нече гильзалары жана Макаров тапанчасы 9 милиметр, Казакстандын транспорт каражатынын мамлекеттик номуру, ошондой эле жардыргыч заттарды колго жасоо үчүн керектүү каражаттар катылган жер табылды.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дарылар кылмыштуу топтор тарабынан кылмыш жасоо үчүн даярдалып жаткан. Табылган куралдардын келип чыгышы жана жашыруун жайды уюштурган адамдар аныкталууда", - дешет комитеттен.