"Супер концерт-2012" "Супер-Инфо" гезитинин 10 жылдыгына арналган слайд-шоу менен башталды

Мындан бир канча убакыт мурда Бишкектеги Спорт Ордосунда “Супер-концерт-2012” башталды. Алгач сахнага “Береке” бий тобунун кыз-жигиттери чыгып, учурда дүйнөдө хит болуп жаткан “Gangnam style” чыгармасына бийлеп беришти. Бийдин аягында бийчилерге кошулуп алпаруучулар Нурзат Токтосунова, Эрмек Нурбаев жана Азамат Эркинбаевдин бийлеп киргени сюрприз болду. Бийден кийин “Супер-Инфо” гезитинин 10 жылдыгына арналган слайд-шоу көрсөтүлүп, алпаруучулар концертте ардактуу болуп отурган аталган гезиттин негиздөөчүсү, КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановду туулган күнү менен куттукташты. Чогулган элдин кол чабуулары астында “Супер сулуу-2011” наамынын ээси Айсулуу Өмүралиева туулган күн ээсине гүлдесте сунду. Айта кетсек, бүгүн “Супер концерт-2012нин” биринчи күнүндө “Супер сулуу-2012” сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталат.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lollipop
2012-12-08 04:08:23
А видео???
0
prezent
2012-12-08 15:38:07
Ошко даа келгилееее супер инфо,экинчи борборубуз кутот.....жооп кутобуз
+1
kuz9
2012-12-09 15:22:11
supperdin suluusu kim boldu biyil?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан