5-декабрда Нарын мамлекеттик университетинде (НМУ) “Канткенде лидер болом?” деген темада семинар башталганын маалымдаганбыз. 7-декабрда бул семинардын жыйынтыгы чыгарылып, активдүү катышкан 4 факультет атайын сертификаттарга ээ болушту. Берилген тапшырма боюнча студенттер фотослайд, дубал гезит жана башка ишмердүүлүктөрү менен тандап алган темаларын жактап беришти. Нарын мамлекеттик университетиндеги билим берүүнүн сапат-менеджмент бөлүмүнүн жетекчиси Ильмира Шерматова мындай маанидеги иш-чаралар көп боло тургандыгын белгилеп, студенттерге ийгилик каалап, семинарды жыйынтыктады.