Нарын. Орто-Нура айылында "Ден соолук башаты - бакчадагы дене тарбия" деген темада семинар уюштурулду

7-декабрда Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылынын “Чоң эне” балдар бакчасында райондук семинар болуп өттү. Семинарга район боюнча 27 бала бакчанын тарбиячылары жана Нарын шаарынан 5 бала бакчанын өкүлдөрү катышышты. Бул иш-чаранын максаты бала бакчалардын арасында тажрыйба алмашып, жаңы ыкмалар менен бөлүшүү болуп саналат. Жаш балдардын ден соолугуна дене тарбиялык көнүгүүлөр оң таасир калтырарына басым жасаган тарбиячылар бала бакчадагы тарбиялануучуларга сабак өтүштү. Жыйынтыгында дене тарбия боюнча жогорку группанын балдары арасында спорттук мелдеш өткөрүлүп, семинарга карата ой-пикирлер айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан