ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Саха Республикасынын делегациясын кабыл алды

7-декабрда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Саха Республикасынын (Якутия) өкмөтүнүн төрагасы Галина Данчикова башында турган Саха Республикасынын делегациясын кабыл алды. Жолугушууга ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, депутат Игорь Гусаров, ЖКнын Аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов, Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов катышты. Асылбек Жээнбеков Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан Максим Аммосовдун 115 жылдыгына арналган иш-чара тууралуу токтолуп: "Азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов сыяктуу инсандардай эле, Максим Аммосов да 1937-1938-жылдардагы репрессия курмадыгы болгон",- деди. Аталган делегациянын өкүлү Галина Данчикова да мамлекеттик ишмер Максим Аммосовдун туулганынын 115 жылдыгына арналган иш-чаралар тууралуу кеп салды. Ал Бишкек шаарынын борборуна Максим Аммосовдун эстелигинин ачылганына ыраазычылык билдирди. Жыйынтыгында Асылбек Жээнбеков ЖКнын атынан делегациянын мүчөсү, Саха Республикасынын Парламенти – Мамлекеттик Жыйынынын төрагасынын орун басары Александр Жирковго "Парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана активдүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн"  Ардак грамотасын тапшырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан