Нарын. Кыз ала качууга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө

16 күндүк Гендердик зордук зомбулукка каршы бүткүл дүйнөлүк компаниясы кыз ала качуу боюнча бир катар маселелерди иштеп чыгып, аларды Нарындагы "Билим берүү долбоорлорунун агенттиги" түшүндүрүү жана жайылтууну максат кылган. Бул туурасында Нарын облусунда ноябрь айынан тарта ар түрдүү тренинг, семинарлар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Ар бир орган өз багытына жараша төмөндөгүдөй иштерди алып баруулары шарт: ИИМ күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартыш үчүн кыз уурдоодон жабыр тарткандардын кайрылуусу боюнча фактыларды текшеришет, кылмыш боюнча түшкөн арыздарды каттоодон өткөрөт. Адвокатурада кыздардын укуктарын коргоо багытында профессионалдуу адвокаттар иштешет. Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасында балдарга төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдү 2,5 – 3 эсе көбөйтөт. Прокуратура кылмыш ишин козгоо үчүн бардык негиздерди дыкаттык менен карап чыгат. ЗАГС 18 жашка толо элек жарандардын никеге туруу өтүнүчүнө ылайык уруксат берүүчү документтерди дыкаттык менен текшерет. КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жергиликтүү кеңеш аркылуу кыйылган никелердин эсебин жүргүзөт. Билим берүү системасы мамлекеттик деңгээлде кыз уурдоого каршы коомдук агартуу компанияларды өткөрөт. Сот органдары кылмыш иштерин улуттук жана эл аралык мыйзамга ылайык карап чыгат. Келтирилген моралдык зыяндын өлчөмүн адилеттүү баалайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан