Кримавторитет Камчы Көлбаев Дубайдан кармалып, Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн УМККнын Коомчулук жана ММКлар менен байланыштар бөлүмү билдирди. Камчы Көлбаев Кылмыш кодексинин 123-берене
(адам уурдоо), 125-берене
(мыйзамсыз эркинен ажыратуу), 168-берене
(каракчылык), 231-берене
(кылмыш коомун же тобун уюштуруу), 241-берене (
мыйзамсыз атуучу курал-жарактарды сактоо), 247-берене
(мыйзамсыз баңгизат сактоо, бирөөгө берүү) жана 341-беренелери
(бийликтин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү) боюнча айыпталууда. Учурда Камчы Көлбаев УМККнын кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.