Бир нече сааттан кийин "Супер концерт-2012нин" 2-бөлүгү башталат
Бир нече сааттардан кийин Бишкектеги Спорт Ордосунда "Супер-Инфо" гезити уюштурган жылдын мыктыларын аныктоочу "Супер концерт-2012нин" 2-бөлүгү уланат. Бүгүнкү кечеде маданият, кино, шоу-бизнес, спорт тармактарында жылдын мыктылары аныкталмакчы. Уюштуруучулар билдиришкендей, салтанатта көптөгөн сюрприздер болот. Бүгүн да концерттин жүрүшүнөн SUPER.KG порталынын "Соңку кабарлар" бөлүмү кабардар кылып турмакчы. Эске салсак, кечээ аталган концерттин 1-бөлүгү өтүп, "Супер сулуу-2012" наамынын ээси аныкталды. Концерт 18:30да башталат.