Баткен. 10-декабрда Паскы-Арык айылында жаңы бала бакча ачылат
10-декабрь күнү саат 10:00дө Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылында жаңы балдар бакчасынын ачылышы болот. Ага КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаковдун катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн өкмөт башчысынын орун басары маалымдады.