Бишкекте катталган ири автокырсыктын жабырлануучуларынын арасында депутаттын жардамчысы бар
Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовдун коомдук жардамчысы Таалайбек Жакыпов автокырсыкка кабылып, окуяга күнөөлүү деп айыпталууда. Белгилүү болгондой, депутаттын жардамчысы учурда №4-шаардык ооруканага жеткирилип, экспертиза жүргүзүлүп жатат. Эскерте кетсек, бүгүн баш калаанын Киев - Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 5 унаа катышкан автокырсык болуп, анда 3 адам каза болду.