Концерттин алгачкы бөлүгүндө жылдын мыктыларына сыйлык тапшыруудан мурда Омарга "Жылдын сахна адамы" наамы ыйгарылды. Ырчы мырза тиешелүү статуэтка менен сыйланды. Учурда "Супер-Инфонун" президенти Шаиста Шатманова жана башкы редактору Бурул Исмаилова жылдын мыктыларына сыйлыктарды тапшыруу үчүн сахнага чакырылып, калыстардын чечимин угуза башташты.