Казакстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө

Бүгүн, 5-июнда Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча республикалык референдум өтүүдө. Бул тууралуу казак басылмалары байма-бай жазышууда.

Белгилүү болгондой, референдум жергиликтүү убакыт менен саат 7:00дө башталган. Ал саат 20:00гө чейин созулат. Өлкөдө 10 миңден ашуун шайлоо тилкелери ачылган. Ал эми чет өлкөдөгү казакстандыктар үчүн 52 өлкөдө 65 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Референдумга катышууга укуктуу жарандардын жалпы саны 11 722 536.

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, добуш берүүгө укугу бар жарандардын жарымынан көбү катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Эксперттер референдумду Акорданы келерки президенттик шайлоого даярдоо жана экс-мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевди артыкчылыктардан ажыратуу аракети катары баалап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан