Марал Койчукараева "Жылдын супер актрисасы", Аскат Сулайманов "Жылдын супер актёру" наамын жеңип алышты
Учурда Спорт Ордосунда "Супер концерт-2012" уланып, жылдын мыктылары аныкталууда. Быйылкы "Жылдын супер актрисасы" наамын жаш актриса Марал Койчукараева жеңип алды ("Ээнсиреген үй" көркөм тасмасынын башкы каарманы). Актриса "Супер-Инфо" гезитинин атайын статуэткасы менен сыйланды. Ал эми "Жылдын супер актёру" наамы Аскат Сулаймановго буюрду ("Президент жана бомж" тасмасы").