"Супер концерт -2012" уланууда. Быйылкы жолу өзгөчө "Кош жылдыз" наамын ырчы жубайлар Урмат Үсөнов менен Неля багындырышты. Сыйлык алган түгөйлөр өз учурунда "Супер-Инфо" гезитине ыраазычылык билдирип, гезит жамаатына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ырчылар концерттин конокторуна жаңы чыгармасын тартуулап беришти.