Айчүрөк Иманалиева "Заманыбыздын супер ырчысы" болуп табылды
Калыстар тобунун чечими менен "Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер концертте" КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева "Заманыбыздын супер ырчысы" наамын жеңип алды. Ырчы айым гезит жамаатына ыраазычылык билдирип, күйөрмандарга патриоттук ырларынын бирин аткарып берди. Учурда концертте башка наамдар боюнча сыйлык ээлери аныкталууда.