Супер концертте "Жылдын сахна ажары" наамы ырчы Чолпонайга буюрду
Спорт Ордосунун сахнасы "Супер концерт-2012" менен көркүнө чыгып турган учур. Ыр-бий менен коштолгон концертте жылдын суперлери аныкталууда. Быйыл "Жылдын сахна ажары" наамы ырчы Чолпонайга тапшырылды. Ырчыга "Супер-Инфонун" статуэткасын "Билайн" уюлдук компаниясынын өкүлү, калыстар тобунун мүчөсү Самат Гуронов тапшырды. Учурда Чолпонай жагымдуу ырын көрүүчүлөргө аткарып берүүдө.