Концерт уланууда. Айтылуу "Биз" тобу "Заманыбыздын супер тобу" наамын жеңип алды. Аталган топтун жетекчиси Бактияр Токторов "Супер-Инфо" гезитин 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, "Биз" тобунун түзүлгөнүнө 20 жыл болгонун белгиледи. Ырчылар "Таң Чолпон жылдызым" аттуу ырын аткарышты. Көрүүчүлөргө дагы бир ырын аткарып бере турганын айтканда зал колдоп-коштоого алышты. Учурда "Буй-буй" аттуу ырын аткарышууда.