"Супер концерт-2012" өз жүрүшүн улантууда. "Жылдын супер ырчы айымы" наамын ырчы Каныкей жеңип алды. Айта кетсек, Каныкей бул наамга катары менен үчүнчү жолу ээ болду. Аталган наамга ырчылар Айнура Салахидинова менен Чолпонай да талапкер болчу. Сыйлыгын алган Каныкей Атай Огомбаевдин "Күйдүм чок" аттуу ырын жандуу, комуздун коштоосунда аткарып берди.