"2012-жылдын супер ырчы мырзасы" наамын Нурлан Насип илип кетти
Калыстар тобунун чечими менен Нурлан Насип "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамын ээледи. Сахнага чыгып сыйлык алган Нурлан Насип кубанычын мындайча билдирди: "Сүйүнгөнүмдөн аябай толкунданып турам. Жалпы күйөрмандарга жана "Супер-Инфо" гезитине ыраазычылык айтам". Айта кетсек, бул наамга Ильяз Абдыразаков да талапкер болчу. Нурлан Насип көрүүчүлөргө "Эркелетсемби?" ырын жана жаңы "Айта албайм" аттуу ырын аткарып берди.