"Супер концерт-2012" "Супер-Инфонун" гимни менен аяктады. Эми "суперчилер" катуу майрамдашат деген маалыматтар бар
Ошентип, 3 сааттан ашуун убакытка созулган "Супер концерт-2012" жыйынтыкталды. "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси аныкталгандан кийин сахнага Каныкей, Добр, Дайыр Исмадияров, Курал Чокоев жана Чолпонай чакырылып, "Супер-Инфонун" гимнин аткарышты. Гимн ырдалып жатканда "Супер-Инфо" гезитинин жалпы жамааты сахнага чыгып, ырчыларды коштоп бийлеп, концерт салтанаттуу түрдө жабылды. Андан соң концертти уюштурган аталган редакциянын жамааты алпаруучулар менен бирге сахна артында шампан аттырып, Спорт Ордосу шаңга бөлөнүүдө. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, "суперчилер" "Супер концерт-2012нин" ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүнүн урматына борбордогу кафелердин биринде таң аткыча майрамдашат :))
Мен алыстамын.Толик сынчы эмне дейт болду экен.Таамай сындайт эле, же Бешкамандын кейпин кийеби? Тоооолииииииииик сынчыыыыыыыыыыы ааауууууууууууууууу!!!!
0
Aviator
2012-12-09 04:33:25
Суперчилердин кантип майрамдаганын Толик сынчы айтсынчы. Кандай кылып айтып берет болду экен кызык.