Коронавирустун белгилери байкалса дароо дарыгерге кайрылыңыз

Коронавирустун көп байкалган белгилерин эстеп алыңыз. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, COVID-19га чалдыккандардын көпчүлүгүндө оору жеңил же орто оордукта өтөт, ошондуктан аларга ооруканага жатуу талап кылынбайт.

Көп байкалган белгилери:

  1. дене табынын көтөрүлүшү;
  2. жөтөл;
  3. чаалыгуу;
  4. жыт жана даам билүү сезимдеринин жоголушу.

Ооруну жугузгандардын айрымдарында:

  1. тамак оору;
  2. баш оору;
  3. түрдүү оорулар;
  4. диарея;
  5. колдун же буттун терисинин түсүнүн өзгөрүшү же майда жарааттардын чыгуусу;
  6. көздүн кызарышы байкалат.

Оорунун оор түрүнүн белгилери:

  1. дем алуунун кыйындашы;
  2. сүйлөө же кыймыл-аракет функцияларынын бузулушу же аң-сезимдеги өзгөрүүлөр;
  3. көкүрөктүн оорусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан