Эртең Бишкекте Геннадий Кадацскийдин сүрөт көргөзмөсү башталат
Эртең Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Геннадий Кадацскийдин сүрөт көргөзмөсү ачылат. Көргөзмө 23-декабрга чейин уланып, ага сүрөтчүнүн 200дөн ашуун ар түрдүү жанрдагы эмгектери коюлат. Экспонаттардын көпчүлүгүн кыргыз тоолору, жаратылыштын пейзаждык көрүнүшү, табият сулуулугун чагылдырган сүрөттөр түзөт.