Бүгүн, 6-июлда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген милиция кызматкерлерин эркинен ажыратуу керек экендигин айтып, нааразычылык акциясына чыкты.
"Президент бул кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алып, кылмышка шектүү милиция кызматкерлерин кызматтан кетирип, өмүр бою эркинен ажыратышы керек.
Бүгүн президент, ИИМ бардык иштерди токтотуп туруп, иш сапарга кетишиптир. Бул эмне деген трагедия?! Адам укугу бузулуп жатат, тезинен кылмышкерлерди жоопко тартууну талап кылабыз. Саат 10:30дан бери турсам да, бийлик тараптан жооп болгон жок", - деди ал.