Кыргыздын 53 акынынын ырлары түрк тилине которулду. Бул туурасында "ТҮРКСОЙ" уюмунун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, кыргыз акындарынын чыгармалары түрк тилине которулуп, үч китеп жарык көрдү.
"Жарык көргөн "Кыргыз поэзия антология" китебинде Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Эрнис Асек уулу, ошондой эле эң жаш акын Максат Жангазиев, Афина Бакирова, Мелис Маматжановдун ырлары бар.
Мындан тышкары Айтматовдун чыгармаларындагы мифологиянын орду жөнүндө "Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү", таланттуу акын Жолон Мамытовдун чыгармачылыгына арналган "Жолон Мамытов" аттуу китептер да түрк тилине которулду", - деп жазган ал.
Султан Раев белгилегендей, китептердин бет ачары Түркияда, ошондой эле Кыргызстанда да өтөт.