Ички иштер министри Улан Ниязбеков Токтогулда эл менен жолугушту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июль күнү Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууга барды.

"Бүгүнкү жолугушуу учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун төрт жүзгө чукул тургундары коомдук тартиптин сакталышы жана жарандардын жашоо-турмушуна байланышкан маселелер боюнча ачык айрым өз ойлорун ортого салышты.

Жергиликтүү тургундар төмөндөгү маселелерге токтолушуп, ал маселелерди ыкчам чечүүнү суранышты. Алсак, отуз миңге жакын калкы бар Кетмен-Төбө айылына милициянын айылдык бөлүмчөсүн ачуу, Токтогул районунда туризмди өнүктүрүү, ага ылайык инфраструктураны туристтерге ылайыктап шарт түзүү, суу маселеси, жер маселеси, жайыт маселеси жана ишкерликти өнүктүрүү тууралуу да талкуу суроолор болууда", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан