Бишкекте бир катар көчөлөрдө канализация тармагы курулууда

Свердлов районундагы Бакай-Ата, Учкун, Эне-Сай конуштарында жана Будённый көчөсүн бойлото канализация тармактарын куруу жана монтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата конушундагы канализация тармагынын жалпы узундугу 4,2 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө иштин 60 пайызы бүткөн.

Эне-Сай конушунда канализация тармагы 3 этап менен курулууда. 3-этап боюнча канализация тармагынын курулушунун узундугу 667 метрди түзүп, бүгүнкү күндө аткарылган иштердин көлөмү 30 пайызды түзөт.

Учкун айылында канализация тармагынын узундугу 2,4 чакырымды түзүп, иш 60 пайызга аткарылган.

Будённый көчөсүндө учурда 2,2 чакырым узундуктагы канализация тармагын оңдоого келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аткарылган иштердин көлөмү 20 пайызды түзөт.

Бул багыттагы курулуш иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан