Токтогулдагы №52 жатак абагына таза суу киргизилди

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан №52 мекеменин жетекчилиги тарабынан аймакты ири өлчөмдө тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, тазалоо иштеринде бульдозер, экскаватор, самосвал сыяктуу техникалар колдонулду.

"Натыйжада совет доорунан бери бул жерде топтолгон 450 кубга жакын таштандыны чыгарып, жыйынтыгында 20 унаа менен алып чыгууга туура келди. Андан кийин казылган траншеяларга түтүктөр төшөлүп, таза суу өтө баштады", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан