Ош облусунда электр жарыгына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасы билдирди. Маалыматтар боюнча "Узловая" көмөк чордонундагы жана "Датка - Узловая" чубалгысындагы оңдоо иштерине байланыштуу 10-12-декабрь күндөрү Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда электр энергия берүү ишине чектөө киргизилет. Ушундай эле чектөө 15-17-декабрь күндөрү Алай жана Чоң-Алай райондорунда болот.