Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Экономика министринин орун басарларын дайындады
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев КРнын Экономика министринин эки орун басарын кайрадан дайындады. Өкмөт башчынын 21-ноябрдагы жарлыгына ылайык, Олег Панкратов Экономика министринин орун басары болуп дайындалды. О.Панкратов буга чейин аталган кызматта иштеп келген. Премьер-министрдин дагы бир жарлыгы менен Адылбек Касымалиев да Экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Касымалиев да буга чейин ушул кызматта иштеп келген.