Өлкөдө беш күн бою ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, 20-25-июль күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 41, Талас облусунда 39, Ысык-Көлдө 34, Нарында 29, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 42 градуска чейин жогорулайт.
Белгилей кетсек, Европадагы аптаптуу аба ырайынын кесепетинен миңден ашуун адам каза болуп, он миңдеген гектар аянт жана токойлор өрттөнгөнү маалым болгон.