Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жол жээктеринде өз алдынча күйүүчү майларды мыйзамсыз сатып жаткандар аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жаткан 9 жаранга тийиштүү протокол толтурулуп, ар бирине 3 миң сомдон айып салынган.
Мындай күйүүчү май саткандардын көпчүлүгү шаарга кире бериш жерлерде, Профсоюз жана Гагарин көчөлөрүнүн күн батыш тарабында аныкталганы айтылат.
"Жол көзөмөлдөө бөлүмү сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгын жана күн ысык учурда күйүүчү май күйүп жарылып кетүү коркунучу бар экендигин эскертишти", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жол жээгинде велосипеддерди сатып же ижарага берген 3 жаранга тийиштүү протокол толтуруу менен 9000 сом айып салынганы кабарланат.