Оштогу кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Ага ылайык, Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан "Ак-Буура" кафесинен чыккан өрт саат 11:45те толук өчүрүлдү.
Өрттүн аянты болжол менен 700 чарчы метрди түзөт, жабыркагандар катталган эмес. Жерине саат 09:55те ӨКМдан 5 бөлүм, 1 автошаты жана ыкчам топ тартылганы маалымдалат.