Эртең, 20-июлдан тарта Бишкектин Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкени реконструкциялоо пландалууда. Аталган тилке жабылганда унаалар үчүн Раззаков жана Панфилов көчөлөрү альтернативалык жол болот.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала маршрутун пландап алууну өтүнөт.