Буга чейин Бишкек шаарындагы "Вефа" соода борборунан өрт чыккандыгы кабарланган. Соода борбордун кызматкеринин айтымында, өрт түшкү саат 12:00 чамасында тутанган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тилсиз жоо имараттын 3-кабатында жайгашкан ашканалардын биринен чыккан. Учурда "Тез жардам" жана өрт өчүрүү кызматтары келип өрттү чектөөгө алуу аракетин көрүүдө. Имараттан адамдар сыртка чыгарылган.
Өрттүн келип чыгуу себептери жана жабыркагандар тууралуу маалымат тактала элек.