Бишкекте бир нече көчөлөрдүн тротуарлары оңдолууда

Бишкекте бир нече көчөлөрдүн тротуарлары оңдолууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылга карата тротуарларды капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, төмөнкү көчөлөрдүн боюндагы тротуарлар оңдолуп жатат:

- Жибек-Жолу кең көчөсү Ибрагимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин (түндүк жана түштүк тарабы);
- Киев көчөсү менен Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин (түндүк жана түштүк тарабы);
- Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө чейин (түндүк жана түштүк тарабы).

Ошондой эле, кошумча титулдук тизмеге ылайык, учурда Патрис Лумумбы көчөсүндө Жамгерчинов көчөсүнөн Орск көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Валдайская көчөсүндө да курулуш иштери жүрүп жатат.

Республикалык бюджеттин эсебинен эски аянттагы тротуарлар капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан