Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев отчёттук маалымат жыйынында Майлуу-Суудагы лампа заводуна бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнөрүн билдирди.
“Ишкана мамлекеттин менчигине өткөн. Азыр анда 1 миң 800 адам иштейт. Заводду модернизациялоого жана жумуш орундарын көбөйтүүгө каражат бөлүү чечими кабыл алынды”,- деди ал.
Министр мамлекеттин катышуусу менен биргелешкен ишканаларга инвестиция тартуу маселесин кароого даяр экендигин кошумчалады
Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров июнь айында парламентте Майлуу-Суу лампа заводу баштаган он чакты ишкананы өкмөттүн карамагына алып жаткандыгын айткан.