Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Дейр-эль-Балах шаарында алгачкы жер үстүндөгү аскердик операцияны жүргүзө баштады. Бул тууралуу The Guardian басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, операция дүйшөмбү күнү эртең менен эрте башталды. Бул операция барымтада кармалгандардын үй-бүлөлөрүндө тынчсыздануу жаратууда. Алардын айтымында, жакындары дал ушул аймакта болушу мүмкүн.
Израил аскерлери согуштан дээрлик жабыркабаган гуманитардык маанидеги маанилүү борборго сокку урду. Операцияга чейин палестиналык тургундарга абадан барактарды түшүрүшүп, шаарды таштап кетүү буйругу берилген.
Көз карандысыз байкоочулардын маалыматына ылайык, 21 айдан бери Израил менен ХАМАСтын ортосунда жүрүп жаткан согушта Дейр-эль-Балах шаарында жер үстүндөгү операциялар дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Бул шаар түштүк Газанын башка аймактарынан көчүрүлгөн миңдеген палестиналыктарды кабыл алган жана географиялык жайгашуусунан улам жардам жеткирүүдө маанилүү борбор болуп эсептелет.
Күбөлөрдүн айтымында, түн ичинде шаарга масштабдуу аба соккусу да жасалган.
Израил армиясы бул акыркы операциянын максаты тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек. Бирок израилдик булактар ЦАХАЛ буга чейин бул аймакка кирбей турганын, анткени ХАМАС бул жерде барымтадагыларды кармап турушу мүмкүн деген шектенүүлөр болгонун маалымдашкан.
Маалыматка ылайык, Газа тилкесинде 50 адам барымтада кармалууда, алардын жок дегенде 20сы тирүү болушу мүмкүн.
Буга чейин 25 батыш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү таратып, куралдуу кагылышууларды "дароо токтотууга" чакырып, Газадагы "кабыл алынгыс" гуманитардык кырдаалды кескин айыпташкан.
БУУнун маалыматына ылайык, Дейр-эль-Балахта гуманитардык кампалар, медициналык клиникалар жана суу менен камсыздоодо өтө маанилүү инфраструктура жайгашкан.
"Бул инфраструктурага тийген зыян өмүргө коркунучтуу кесепеттерге алып келет",- деп эскертти уюм.
Жаңы операция Дейр-эль-Балахты андан ары бөлүп, секторду мындан да кесип, гуманитардык уюмдардын Газада коопсуз жана натыйжалуу иштөөсүнө тоскоолдук кылат.