Кыргыз жараны Нур-Султанда адашып, жакындарын издөөдө

Кыргыз жараны Нур-Султан шаарында адашып кетип, жакындарын табууга жардам берүүнү өтүнөт. Бул тууралуу ТикТок колдонуучусу Арман Мухаметжанов видео жарыялаган.

Анда өзүн Самат Нурманкожомбердиевич деп тааныштырган жаран жоголуп кеткенин жана 4 айдан бери жакындарына кабарлай албагандыгын айткан.

"Мен Кыргызстандын Жалал-Абад шаарынан болом, 1961-жылы туулгам.

Менин эң жакын эки карындашым, агам, мен адышып кеттим. Алар Москвада жашашат. Мен жоголуп кеттим, буга чейин мындай болгон эмес. Максуда, Рахман, Минка, Кристина жооп беришиңерди өтүнөм. Операциядан кийин 4 ай бою кабарлай албаганым үчүн кечиргиле. Билгениңердей, аварияга кабылгам", - деп билдирген ал.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан