Жети-Өгүздө изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Жети-Өгүздө изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 19-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну, 2007-жылы туулган А.Ж. козу карын тергени Барскоон шаркыратмасынын аймагына кетип, дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

Өспүрүмдү издөө иштерине райондук милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылганы айтылат.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө, өспүрүмдүн жансыз денеси Барскоон-Кумтөр жолунун үчүнчү көпүрөсүнүн жанындагы тоонун аймагында табылган. Анын каза болгон себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан