51 орун бар. Бишкек-Балыкчы багытындагы поезддин жаңыланган вагону каттамга чыгат

Бишкек-Балыкчы багыты менен жүргөн поезддин жаңыланган вагонунун эшиги эми бардык каалоочулар үчүн ачык. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы текшерүүнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жүргүздү. Люкс вагондор 22-июлдан тарта жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүү болот. Жаңыланган вагондо 51 орун каралган. Анда панорамалык терезелер, желдеткич, телевизор, гаджеттерди кубаттоо үчүн электр түзүлүштөрү камтылган.

Баасы бир киши үчүн 500 сомду түзөт (кайсы жерден түшөрүнө жана отурган орундугуна карабастан). Ал эми 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 250 сом. Эгер бала 5ке чыга элек болсо жана орундукту ээлебестен ата-энесинин алдына отуруп бара турган болсо акы төлөнбөйт. Ошондой эле 36 килограммга чейинки жүккө акы алынбайт.

Маалыматта жаңыланган вагондор 31-августка чейин ар 2 күндө каттамга чыгары айтылат. Ал эми кадимки вагондор Бишкек-Балыкчы багыты боюнча күн сайын жүргүнчүлөрдү ташыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан