COVID-19га каршы Бишкектин кайсы жерлеринен эмдөөдөн өтсө болот? (тизме)

Бишкектин 62 эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы SinoPfarm вакцинасын алса болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, төмөнкү убактылуу эмдөө пункттарынан каалаган жарандар эмдөөдөн өтө алат:

1. №4 ҮМБ (Ибраимов көчөсү, 181);
2. №4 ҮМБ (Токтогул көчөсү, 62 филиалы);
3. №2 ҮМБ №35 ҮДТ (Чоң-Арык айылы, Семетей көчөсү, 152);
4. Темир жол ооруканасы (Крылов көчөсү, 5);
5. №1 ҮМБ (Ю.Фучик көчөсү, 15);
6. №1 ҮМБ №12 ҮДТ (Көк-Кыяк көчөсү, 42);
7. №1 ҮМБ №9 ҮДТ (Кубаныч көчөсү, 1);
8. №1 ҮМБ № 8,10,11 ҮДТ (Кызыл-Аскер, Сельсовет көчөсү, 6);
9. №2 ҮМБ (Жумушчулар шаарчасы);
10. №2 ҮМБ (Ш.Руставели көчөсү);
11. ЦСМ №2 (Жал кичи району);
12. №7 ҮМБ (Т.Молдо көчөсү, 3);
13. №2 ҮМБ (3-Линия көчөсү, 25);
14. №3 ҮМБ (Логвиненко көчөсү, 30/1);
15. №3 ҮМБ (Максат көчөсү, 40);
16. №5 ҮМБ (Көлбаев көчөсү, 42);
17. №5 ҮМБ №1 ҮДТ (Полевая көчөсү, 1);
18. №5 ҮМБ №5 ҮДТ (Тунгуч кичи району, 57);
19. №5 ҮМБ №6 ҮДТ (Учкун, Аксы көчөсү, 6);
20. №8 ҮМБ (5-кичи район,16/1);
21. №6 ҮМБ (Жукеев-Пудовкин көчөсү, 75);
22. №10 ҮМБ (Свободная көчөсү, 9);
23. №10 ҮМБ ҮДТ ( Ак-Бата конушу, 8-көчө,53 );
24. №10 ҮМБ ҮДТ (Келечек конушу, Келечек көчөсү, 1/1);
25. №10 ҮМБ ҮДТ (Дордой конушунда);
26. №10 ҮМБ ҮДТ (Наманган көчөсү, 28);
27. №10 ҮДТ ҮМБ (Ак-Босого конушу, Профессор Зима көчөсү, 264);
28. №4 ҮМБ (Чүй проспекти, 40);
29. № 4 ҮМБ №15 ҮДТ (Кара-Жыгач конушу, Дордой көчөсү, 1);
30. №5 ҮМБ (Курманжан Датка көчөсү, 109а);
31. №5 ҮМБ №19,20 ҮДТ (Көк-Жар конушу, Көк-Жар кичи району, 3);
32. №5 ҮМБ №21 ҮДТ (Эне-Сай конушу, 20 көчө);
33. Студенттердин бейтапканасы (Рыскулов көчөсү, 8);
34. Спорттук-реабилитациялык борбору (Манас кең көчөсү, 41);
35. №8 ҮМБ (6-кичи район №1 үй);
36. №2 ҮМБ (Панфилов көчөсү, 4);
37. №9 ҮМБ (Кривоносов көчөсү, 206б);
38. №9 ҮМБ №27 ҮДТ (Ак-Өргө жаңы конушу, 19-көчө);
39. №9 ҮМБ ҮДТ (Ак-Өргө жаңы конушу, Ашар көчөсү, 1);
40. №9 ҮМБ №29 ҮДТ (Ак-Ордо конушу, Тунук көчөсү, 10а);
41. №9 ҮМБ №28 ҮДТ (Арча-Бешик конушу, Ж.Баатыр көчөсү, 123);
42. №9 ҮМБ №30 ҮДТ (Арча-Бешик конушу, Шабдан көчөсү, 23);
43. №4 ҮМБ (Бөкөнбаев көчөсү, 61);
44. №7 ҮМБ (Киев көчөсү, 154);
45. №1 ҮМБ (Токтогул көчөсү, 250);
46. №1 ҮМБ (Мурас-Ордо конушу);
47. №1 ҮМБ (Жеңиш конушу);
48. №1 ҮМБ (Калыс-Ордо конушу);
49. №6 ҮМБ (Тыныстанов көчөсү, 1);
50. КРПжӨИБКОнын (Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын) бейтапканасында (Киев көчөсү, 110);
51. ТИКА Кыргыз-Түрк ооруканасы (Фучик көчөсү, 15а);
52. "Малыш" медициналык борбору (Ибраимов көчөсү, 181);
53. Асымбекова медициналык борбору (Жал кичи району, Тыналиев көчөсү, 18);
54. "Кроха" медициналык борбору (Ибраимов көчөсү, 84/1);
55. "Элкрит" медициналык борбору (Ахунбаев көчөсү, 107);
56. "Семья" медициналык борбору (Ибраимов көчөсү, 42);
57. Поликлиника 312 (Исанов көчөсү, 60);
58. "Эдельвейс" медициналык борбору (Асанбай, 8/2);
59. Репродуктивдүү ден соолук клиникасы (Юнусалиев көчөсү, 300);
60. "Цадмир" медициналык борбору (Москва көчөсү, 225);
61. "Авиценна" медициналык борбору (Орджоникидзе көчөсү, 83);
62. Веданта медициналык борбору (Фучик көчөсү, 34).

Студенттердин эс алууга чыгуусуна жана кайрылуулардын жоктугуна байланыштуу 9 жогорку окуу жайдагы эмдөө пункттары убактылуу жабылды.

AstraZeneca, Спутник-Лайт, Мoderna вакциналары жок. Ошондой эле жакында Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүп жатканы айтылат.

"Урматтуу шаардыктар! Сиздерден сактануу чараларын так сактоону, өз алдынча дарыланбастан, убагында дарыгерлерге кайрылууну жана эмдөөдөн өтүүнү суранабыз. Эмдөө коронавирус менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан