Наркы 28 миллион сом. "Жалал-Абад Тазалык" мекемесине таштанды жыйноочу 4 жаңы техника тапшырылды

Бүгүн, 20-июль күнү "Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык мекемесине таштанды жыйноочу 4 унаа тапшырылды. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, унаалардын ачкычтарын шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырган.
Жаңы техникаларды сатып алууга 28 миллион сом жумшалган. Анын 12 миллион сому жергиликтүү бюджеттен болсо, калган каражат "Жаратылышты өнүктүрүү" фондунан каржыланган.
Белгилей кетсек, аталган мекемеге жыл башынан бери 8 жаңы техника тапшырылды. Алардын экөө жергиликтүү бюджеттен, калгандары облустук өнүктүрүү фонду жана "Жаратылышты өнүктүрүү" фонддору тарабынан берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан