“КМШнын аймагында “жоогазын төңкөрүштөрүнүн” болуп кетүүсү мүмкүн жана бул Орусия үчүн коркунуч туудурат”. Мындай пикирди кечээ Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев орусиялык маалымат-агенттиктеринин бирине билдирди. “Кыргызстанда, Тажикстанда жана Украинада окуялар өнүгүп-өсүп турат. Мындай абал бизге коркунуч туудурабы? Ооба, туудурат”,- деп айтты ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлдөрү менен болгон жолугушууда. Н.Патрушевдин айтымында, мындай маселеге жакын арада Орусия өзгөчө көңүл бурат.