Өзгөн районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
9-декабрда саат 22:46лар чамасында Ош облусунун Өзгөн районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 10 чакырым түштүк-батыш тарапта болгон. ӨКМнын маалыматы боюнча жер титирөөнүн күчү Ош шаарында 3,5 баллды түзгөн. Жабырлануучулар болгон жок.