Талас ОИИБнин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдиргендей, 2012-жылдын 7синен 8- декабрына караган түнү Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында уурдоо фактысы катталган. Айылдын тургуну Акматбек Сасыкбаевдин үйүнүн жанындагы кампасынан белгисиз адамдар эшиктин кулпусун сындырып кирип 40 кап төө бурчагын уурдап кетишкен. Учурда иштин чоо-жайы иликтенип, ууруну издөө аракети жүрүп жатат.